Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
этн. Кыз качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Кызды ата-энесинин макулдугусуз ала качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет.